Төрөбай Зулпукаров "коӊшуларда газ менен мунай бар, биз дагы сууну саталы" деди

Жогорку Кеӊештин 26-октябрдагы жыйыны уланууда.

Жыйында депутат Төрөбай Зулпукаров Кыргыз мамлекети суу байлыгын жетиштүү пайдалана албай жатканын айтат.

"Коӊшулардын бирине газды, бирине мунайды Кудай байлык кылып бериптир. Алар аны өзүнүн кызыкчылыгына пайдаланып жатат. Дүйнөдө мамлекеттер мунай, газ маселесин экономикалык курал катары пайдаланат. Кыргызда суу байлыгы бар. Сууну экономикалык курал кылалы дебейм, бирок эл аралык нормаларга ылайык сууну товар катары сатышыбыз керек. Суудан бюджетке киреше түшүрө турган жаӊы мыйзам кабыл алышыбыз зарыл. Мисалы, Нарын дарыясына бир дагы өлкөдөн суу кошулбайт, бирок аны башка өлкөлөр пайдаланып жатышат. Өкмөткө сунуштайлы, жаӊы мыйзамды даярдоого киришели", - деди Зулпукаров.

Кыргызда сууну товар катары сатуу сунушу көптөн бери айтылып жүрөт, бирок сунуш бойдон гана калууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан