Азыркы тапта парламенттеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери алмашат же айрым депутаттар фракциянын катарынан чыгарылат деген сөздөр айтылууда.
Аталган фракциянын депутаты Курманкул Зулушев бүгүн, 26-октябрда SUPER.KG порталына билдиргендей, лидерди алмаштыруу тууралуу эч кандай маселе көтөрүлбөгөнүн айтты. Ал эми депутат Мирлан Жээнчороев фракция лидери алмашат же айрым депутаттар фракциянын катарынан четтетилет деген ушак сөз экенин белгиледи. Жээнчороев фракциянын ичинде мындай талкуу болбогонун кошумчалады.