Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Жазык-процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү депутат Акылбек Жапаров сунуштоодо. Бул мыйзам долбоору буга чейин эки окуудан өтүп, үчүнчү окууда бүгүн, 26-октябрда парламент жыйынына киргизилди.
"Бул мыйзам долбоору ишкерлер сот тарабынан акталып, эгер сот тарабынан чоң чыгымга учураганы аныкталса, прокурор же тергөөчүнү жоопкерчиликке тартууну көздөйт. Ишкер 1 миллион сомго чейин чыгымга учураса иш козгоого уруксат берген прокурор, тергөөчү 2 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылат. Эгер ири суммада чыгымга учураганы аныкталса тергөөчү менен прокурорду 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу каралат", - деди Жапаров.