Жаӊы шайланган спикер президент Алмазбек Атамбаев менен жолукту

Бүгүн, 26-октябрда президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин жаңы төрагасы Дастан Жумабековду кабыл алды. Президенттик аппараттан кабарлашкандай, президент анын Жогорку Кеңештин төрагасы болушу менен куттуктап, ийгилик каалады. Ага Куран жана "Манас" китептерин белек кылды.

Жолугушууда Атамбаев спикерге Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү, өлкөдөгү саясий системдин туруктуулугун бекемдөө, парламенттеги коалициялык көпчүлүк менен оппозициянын кызматташуусун өнүктүрүү багытында ишеним артарын белгиледи.

Мамлекет башчы өлкөнүн 2040-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясында, өзгөчө экономика, жарандардын эркиндиги, укуктарды коргоо багыттарын жакшыртууда Жогорку Кеңештин ролу өзгөчө экенин да айтты.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков 25-октябрда кызматынан кетип, анын ордуна 80 депутаттын добушу менен Дастан Жумабеков шайланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан