"Жол кырсыгына кабылган айдоочулардын жарымы айдоочулук күбөлүктү жаӊы алгандар", - деди ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов 26-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында. Асанов айдоочулук күбөлүк берүүгө жоопкерчиликсиз мамиле жасалып жатканын айтты.
"Жол кырсыгына кабылган айдоочулардын жарымы айдоочулук күбөлүктү жаӊы алгандар. Бир жылдан үч жылга чейинки айдоочулук тажрыйбасы барлар. Бул минималдуу көрсөткүч, максималдуу көрсөткүч мындан да көп болушу мүмкүн. Ошондуктан айдоочулук күбөлүк берген, айдоочуларды даярдаган мекемелерде көзөмөлдөө системин күчөтүү үчүн сынак тапшырып жатканда Патрулдук милициянын кызматкерлерин катыштыруу сыяктуу сунуштарды өкмөткө бердик", - деди Асанов.
Жогорку Кеӊеште айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору каралууда.