ЖЫЛНААМА, 26-ОКТЯБРЬ: Советтер Союзунун үч жолку баатыры Семён Будённый мындан 44 жыл мурун көз жумган

Совет мезгилинде башка жарандык согуштун баатырларынан айырмаланып бийлик тарабынан күчтүү колдоого жана көптөгөн мактоолорго татыган Советтик аскер жана мамлекеттик ишмер, жарандык согуштун баатыры, Советтер Союзунун Маршалы (1935), 3 жолку Советтер Союзунун Баатыры (1958, 1963, 1968) Семён Будённый мындан 40 жыл мурун, 1973-жылы 26-октябрда каза болгон. Ал 90 жашта болчу.

Семён Будённый кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Будённыйдын чоң атасы Воронежден Донго көчүп барууну чечет. Дондун жерин орус казактары ээлегендиктен башка жерден келгендерди жакшы кабыл алышкан эмес.

1903-жылы аскердик кызмат өтөөгө барган. Семён орус-япон согушунда өзүнүн эрдиги менен айырмаланган. Ошол себептен аны Петербург шаарына окууга жөнөтүшкөн. Окууну аяктаган соң кайра аскер бөлүгүнө кайтып келген. Ал жактан ат үстүндөгү инструктор, андан көп өтпөй бир взводдун офицери болуп дайындалган. 1916-жылы алгачкы өзүнүн 3-даражадагы "Георгий" сыйлыгына ээ болгон. Ошол эле жылы 22 күн бою душмандын тылында жүрүп көптөгөн эрдиктерди жасап, мындан тышкары өзү менен кошо 10 туткунду ала келгендиги үчүн ага 2-даражадагы "Георгий" сыйлыгы тапшырылган. Өзүнө тиешелүү 4 аскер менен биргеликте душмандын аймагына кирип ал жактан офицерлерди жана маалыматка ээ болгон аскерлерди туткунга алып келгендиги үчүн Будённый 1-даражадагы "Георгий" сыйлыгына ээ болгон. Бул сыйлыктарга ээ болгондон соң ага офицердик наам алууга жол ачылган.

Улуу Октябрь революциясынан кийин Дондо Сальский округдук аткомунун мүчөлүгүнө шайланган. 1918-жылы ак гвардиячыларга каршы атчандар отрядын уюштурган. Отряд көбөйүп полкко, бригадага, анан дивизияга чейин жеткен. 1919-жылы июлда Будённыйдын командачылыгы менен атчандар корпусу түзүлүп, ноябрда 1-атчандар армиясына айланган. Бул армия жарандык согушта Деникин, Пилсудский жана Врангелдин аскерлерин талкалоодо зор роль ойногон. 1921-1923-жылдары Революциячыл аскер советинин мүчөсү, анан Түндүк Кавказ аскер округунун командачысына орун басар болгон. Жылкы заводдорун уюштурууда, башкарууда көп иштерди жасап, жылкынын жаңы породалары чыгарылган. 1923-жылдан Будённый Кызыл Армиянын Баш командачысынын атчан аскер боюнча жардамчысы, СССР революциячыл аскер советинин мүчөсү, 1924-1937-жылдары атчан аскер инспектор болгон. 1932-жылы М.В.Фрунзе атындагы Аскер академиясын бүтүргөн. 1937-жылдан Москва аскер округунун командачысы, СССР коргоо эл комиссариатынын Башкы аскер советинин мүчөсү, 1939-1940-жылдары коргоо эл комиссарынын орун басары болуп иштеген. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Жогорку Башкы башкармалыктын курамында, резервдеги аскерлердин командири болгон.

26-октябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан