СУПЕРСТАН: "Эже-сиңдилеримдин косметикасы жагып калса "согуш" жарыялап тартып алам"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Косметикага канча акча сарптайсыңар?" деген тема талкууга алынган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Курбум боёнгучтарына аябай көңүл бурат. Тоналдык креми 4 800 сом турат. Помадасы 1000 сом, тушь 2700 сом, тень 1300 сом жана башка дагы бир балекеттери бар, алардын аттарын билбейт экенмин. 3-4 косметика салгычы бар".

"Ар күнү боёном, бирок көп эмес өз чеги менен. Орто эсеп менен бир жылда 6000 же 7000 сомдун башын жейм. Бир жылда эки жолу жаңылайм. Арзан тамак даамына татыбайт деп коёт беле. Ошол сыңары арзан косметиканы колдонгонго жарабайт деп ойлоп колдонбойм. Өзүмдөн акча аябай, жакшы болсо, мага жакса кымбатына карабай ала берем".

"Ал жагын кайненем камсыздандырат. Арзан эмес экенин билем, баасын билбейт экенмин".

"Косметиканы кооздук үчүн көп деле колдонбойм. Жылына 5-8 миң сом болушу мүмкүн, тень, тушь, упа, карандаш дегендер. Ал эми шампунь, самын, гель жана башкалары дагы ошонун тегерегинде чыгат, парфюмдан болсо акча аябайм".

"Сиздерге окшоп баланча миңдин башын жебейм. Бирөө жарым адашып белек бергендеги косметикаларды эле колдонуп коём. Эже-сиңди дегендердин анча-мынчасына косметикаларына "согуш" жарыялап тартып алам. Кээде гана боёном".

"Ой, косметикага аябай көп акча кетет, бирок декоративдүү косметикага аз эле коротом. Көбүнчө бетти тазалай турган нерселерге көңүл бурам: маска, тоник, гель, ВВ кремди болсо тынбаган жаным Кореядан буюртма менен алдырып тынчыдым. Эми бүттү го десем, ал ВВ кремди өчүрүү үчүн атайын май алыш керек экен. ВВ крем эле 2000 сом болду, майы менен калганын өзүм чочуп кетемби деп эсептегенден коркуп турам.

"Бойдок кезде көп колдончумун. Азыр эң негизги колдонгонум карандаш менен тень. Жүзүмө балдарга арналган кремдердин эң эле арзанынан алып коём. Косметика колдонбой калганымдын себеби да бар, үйдө кичинекей эки "леди" күйдүрөт. Кичине эле байкабай калсам, бети-башын боёгон болуп, дүйнөнүн картасы түшүрүлгөн глобустай болуп чыга келишет. Кантсе да кыз бала да, кыздын көзү кызыл дегендей".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
barakcha
2017-10-26 18:58:20
Менин косметикага 1жылда 10мин кетет.парфюмду 12минге алам.ошол 1жылга жетет!
-5
Tansuluu09
2017-10-26 19:31:26
Кетпейт)
-3
Nevestkaa
2017-10-26 19:48:34
Мен өллө кетирсем 700кетирем анда да арзанынан духи эле алам боенбой койгонума да үч жылдан өттү.Күйөөмө көрсөтүп коюшум кк экен элдин аялдарынын чыгымдарын.
+1
barakcha
2017-10-26 21:35:54
Аял киши озунун сулуулугу учун эч качан акча аябаш керек.Озунду карабасан эрин таштап кетет))
0
Batma08
2017-10-26 21:44:09
Жааман эле мактаныпсынарго а
+1
aika2015
2017-10-26 22:06:47
Атам жез кемпирдей болбой очур дей берет кичине эле "сулуу" болуп койсом...
0
Lekarstvosvoegomuja
2017-10-26 22:42:26
Ар бир нерсе тапкан акчана жараша деп ойлойм. Акчан жок болсо карызга батып сулуу болгондон эмне пайда карызынды арканан чуалтып. Бирок глосбустай болгон кыздарын элестетип жаман кулдум
+2
barakcha
2017-10-27 08:38:34
Lekarstvosvoegomuja,Албетте,ар ким алына жараша алат да)))Акчасы жетиштуу болуш учун иштеш керек.Иштеш учун баш керек!!!)))
0
AKCAHAT
2017-10-27 13:47:22
Айына 5мин кетет козумо жагып турса болсо деле ала берем,помада мн лак эн слабый точкам
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан