Казакстандан бүгүнкү күнгө карата 115 миң тоннадан ашуун көмүр ташылып келди. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинен билдиришти.
"Бишкек шаардык Жылуулук борборуна 2017-2018-жылдын күз-кыш мезгилине 450 миң тонна Казакстандын көмүрүн алып келүү боюнча келишимге кол коюлган. Бүгүнкү күнгө карата 115,1 миң тонна казак көмүрү ташылып келди. Келишим боюнча калган көмүр жылдын апрель айына чейин ташылып келет", - деп билдирди мекемеден.
Ал эми Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, жергиликтүү көмүрдүн 1 тоннасы октябрь айына карата 8900 сом болсо, импорттолгон көмүр 5100 сомго жеткен. Ал эми Баткен облусунда көмүрдүн 1 тоннасы 5600 сом болсо, Нарында 3075 сом. Сүлүктүнүн көмүрү кээ бир райондордо 9 миң сомго чейин жетет.