Жалал-Абадда шаардык кеңештин коалициясы акыры түзүлдү

Жалал-Абад шаардык кеңешинде коалиция түзүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG`ге шаардык кеңештеги коалициялык көпчүлүктүн лидери Сайдулла Чымбердиев билдирди.

"Жалал-Абад шаардык кеңешинде КСДП, "Ата-Журт", "Республика", "Мекеним Кыргызстан" фракцияларынан 19 депутаттан турган коалиция түзүлдү. Көпчүлүк коалициянын аты "Ийгилик" деп аталат.

Ал эми шаардык кеңештеги "Өнүгүү" жана "Кыргызстан" фракциялары оппозициялык азчылыкта калды. Кийинки сессия 8-ноябрда болот. Бул күнү шаардык кеңештин төрагасын жана туруктуу комиссияларды бекитебиз", - деди коалициянын төрагасы.

Эске сала кетсек, Жалал-Абад шаардык кеңеши алгач 2016-жылдын 11-декабрында шайланып, шаар башчысын шайлоодо бир чечимге келбей быйыл апрель айында тараган. Депутаттарды шайлоо 28-майда мөөнөтүнөн мурда кайра белгиленип, анда КСДП, “Кыргызстан”, “Мекеним Кыргызстан”, “Республика”, “Өнүгүү”, “Ата Журт” партиялары шаардыктардын колдоосун тапкан. Депутаттар жарым жылга чейин коалиция түзө албай келген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан