Өлкө аймагында 8 ай ичинде 36 эненин өлүмү катталды

Бишкекте бүгүн, 27-октябрда энелердин өлүмүн болтурбоо, өлүмдү алдын алуу жаатында тегерек стол өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө вице-премьер министр Чолпон Султанбекова, саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев, Жогорку Кеңештин депутаттары жана башка саламаттыкты сактоо тармагынын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө энелердин өлүмү 2016-жылы 41ге жетип 2015-жылга салыштырмалуу 21 пайызга азайганы айтылды. Ал эми 2017-жылдын 8 айынын жыйынтыгында 36 эненин өлүмү катталган.

"Энелердин өлүмүн азайтууда Саламаттыкты сактоо министрлигине жүктөп коюу бул туура эмес болуп калат. Мында жалпы коомчулук күрөшүшү керек. Ошол эле учурда жер-жерлерде аялдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүбүз керек. Мындан сырткары чет өлкөгө иштегени кетип, кош бойлуу болуп келгендер да бар. Мунун баарын колго алышыбыз зарыл. Өкмөт бул тармакта иштеп, колдоого алууга даяр", - деп билдирди вице-премьер министр Чолпон Султанбекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан