28-октябрда 5 күндүк график менен окуткан мектептерде окуу болбойт
Эртең, 28-октябрда 5 күндүк иш графиги менен иштеген мектептерде окуу болбойт. Мындай маалыматты Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин премьер-министр Сапар Исаков 28-октябрдагы эс алуу күнүн 6-ноябрдагы жумуш күнү менен алмаштыруу тууралуу токтомго кол койгон.
Министрликтен маалымдалгандай, 1-ноябрдан 8-ноябрга чейин мектептерде каникул болгондуктан 5 күндүк график менен окуган мектептерге бул токтомдун тиешеси жок. Ал эми 6 күндүк график менен иштеген билим берүү мекемелеринде 28-октябрда окутуу жүргүзүлөт.
Бардык жогорку окуу жайларда эртең, 28-октябрда окуу болот.
Мугалим байкуштарда эс алуу кун деген болбойт...Майрам кундору эс алса ,толуктап окуганга туура келет антпесе сааты кыркылат,анткени фактически саатка гана толонот эмгек акысы...
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.