КСДП кыйноолордун алдын алууга жооптуу чиновникти жумуштан айдаганы жатат

Бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун аткарган жумуштары боюнча маалыматын угууда. Фракция жыйынында борбордун төрагасы Нурдин Сулайманов аткарылган жумуштар боюнча маалымат берди.

"Кыйноо маселеси чоң көйгөй. Акыркы үч жылда кыйноо фактыларынын санында азайуу тенденциясы бар, бирок биз күткөн жыйынтык жок. Анткени көп адамдар кайрылышпайт. Азайганы менен биздин дарекке келип түшкөн арыздар көп”, - деди Сулайманов.

КСДПнын депутаттары Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун төрагасынын маалыматы түшүнүксүз экенин айтып, анын отчётун угууну токтотуп суроо-жоопко өттү.

Сулайманов 2017-жылдын 9 айында 165 арыз түшкөнүн айтты. Депутат Карамат Орозова бул тармакта жыйынтыксыз жумуштар жүрүп жатканын негиз кылып, борбордун төрагасы Нурдин Сулаймановду кызматынан кетирүүнү сунуштады.

“Бул жерде канааттандырарлык жумуш аткарылбаптыр. Ошондуктан бул кызматтын жетекчисин алмаштыруу керек. Анткени бейөкмөт уюмдардын иштери алда канча натыйжалуу”, - деди депутат.

“Отчётуңузда алдын алуу жумуштары боюнча жетиштүү маалымат бере алган жоксуз. Жазуу түрүндө да, иш жүзүндө да үнүңүздү уккан жокпуз. Бүгүн ар бир жаранга моралдык, юридикалык жардам керек. Ишиңиздерде жыйынтык жок”, - деди фракция лидери Иса Өмүркулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан