КСДП парламенттин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинин төрагалыгына Канат Керезбековду сунуштады

КСДП фракциясы Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы кызматына Канат Керезбековду сунуштай турган болду. Мындай чечим бүгүн, 27-октябрда КСДП фракциясынын жыйынында бир добуштан кабыл алынды.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин төрагалыгына Дастан Жумабеков ("Кыргызстан") шайланып, анын орун басары Данияр Төлөнов да бир фракциядан болгондуктан Төлөнов өз каалоосу менен кызматынан кеткен. Анын ордуна КСДП Асел Кодуранованын талапкерлигин көрсөтмөкчү. Кодуранова учурда аталган комитеттин төрайымы.

Канат Керезбеков Нарын облусунун Жумгал районунда 1970-жылы туулган. Буга чейин Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын ректору болуп эмгектенген. Быйыл 3-мартта ал депутаттык мандат тапшырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан