Энелердин өлүмүнүн басымдуу бөлүгү алыскы тоолуу аймактарда жашагандарда кездешүүдө

Энелердин өлүмү тоолуу аймактарда басымдуулук кылат. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда Үй-бүлөнү пландаштыруу биримдигинин башчысы Бактыгүл Бозкөрпөева билдирди.

"Энелер эмне себептен өлөт, мунун баары изилденди. 2014-2015-жылдар аралыгында 141 аял каза болгон. Айрымдары медициналык себептерден каза болсо башкалары башка жагдайларда көз жумган. Алардын ичинен 8 аял үйүндө каза болсо, 6 аял ооруканага бара жатып жолдо көз жумган. Мунун себебин аныктадык. Мында жолдун начардыгы, унаанын өз убагында келбей калышы себеп болгон. Эң негизгиси аял оорунун кооптуу мезгилин билбей үйүндө отура бергенинде болуп жатат. Өлүмдүн басымдуу бөлүгү алыскы тоолуу аймактарда жашагандарда кездешүүдө", - деп билдирди Бозкөрпөева.

Бактыгүл Бозкөрпөеванын айтымында каза болгон энелердин көбүнүн үй-бүлөлүк социалдык жашоо-шарты начар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан