Кечээ, 26-октябрда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев казак алфавитин латын тамгаларына өткөрүү боюнча буйрукка кол койду. Ага ылайык латын арибине өтүү 2025-жылга чейин толук аякташы керек.
Жарыяланган алфавиттин долборуна ылайык, 23 латын тамгасы колдонулуп, дагы 9 тыбышты бериш үчүн A' G', I', N', O', S', C', U', Y' тамгалары апостроф менен берилген. Муну менен жаңы казак алфавитинде 32 тамга бар десек болот.
Азыркы колдонуп жатышкан казак алфавитинде 42 тамга бар. Алардын арасында 33ү кирилл тамгалары болсо, 9у (Ә, Ғ, Қ, Ң, Ө, Ұ, Ү, Һ, І) казак тилине ылайыктуу тыбыштарды берүүчү атайын тамгалар. Ал эми ё, ф, х, һ, ц, ч, щ, ъ, ь, э тамгалары казак сөздөрүн жазууда дээрлик колдонулбайт. Алардын айрымдары орус сөздөрүн жазууда гана керектелет.
Долбоор боюнча казак алфавити дээрлик 10 тамгага кыскарат. Казакстандагы айрым жалпыга маалымдоо каражаттары шаарларды жаңы эрежеге ылайык жазып көрүшкөн.
Алсак, Алматы - Almaty, Астана - Astana, Көкшетaу - Ko'ks'etay', Талдықорған - Taldyqorg'an, Шымкент - S'ymkent, Қостанай - Qostanai', Ақтөбе-Aqto'be, Атырау-Atyray', Қарағанды-Qarag'andy.
Айта кетсек, X кылымдан XX кылымга чейин Казакстандын аймагында араб алфавити колдонулуп келген. Ал эми 1929-жылдан тарта латындашкан "Бирдиктүү түрк алфавитине", 1940-жылдан баштап кириллицага өтүшкөн.
Мурдагы СССРдин курамындагы өлкөлөрдөн Азербайжан, Молдова, Түркмөнстан, Өзбекстан кириллицадан баш тартып, латын арибине өтүп кетишкен. Азыркы тапта Орто Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен Кыргыз менен Тажикстанда гана кирилл тамгалары колдонулат.