SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыздар, эмнеге хиджаб кийбейсиңер?" деген темада автор: "Бүгүнкү күндө ислам дини кеңири тарап (албетте, башка диндер да "кеңири" тароодо), хиджаб кийген кыз-келиндер көбөйдү. Көпчүлүк элдер колдошсо, каршы чыгып жаткандар да жок эмес. Силерчи, Суперстандын жашоочулары?" - деп суроо салган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Каршы да эмесмин, колдобойм дагы, ар кимдин өзүнүн стили бар".
"Колдойм, анткени биздин динибиз ислам, биз мусулман болгондон кийин Аллахтын эң негизги болгон 5 мыйзамын аткарышыбыз керек го".
"Мен да колдобойм. Ансыз эле динге ишенип, чын жүрөгүң менен жүрсө болсо керек".
"Хиджаб кийүүгө толугу менен каршымын. Кыргыз кызы эч качан жамынган эмес. Хиджаб кийген соң көп нерсеге мүмкүнчүлүгүң жок болот. Негизи араб өлкөлөрдө алгач хиджабды күндөн коргонуш үчүн гана кийишкен, кийин гана диний мааниге ээ болуп калган".
"Кыргыз кызы эч качан хиджаб кийген эмес деп жазыптырсыз. Кыргыз кыздары эч качан чечинип, жарым жылаңач, киндигин көрсөтүп да жүргөн эмес. Жарым жылаңач болуп жүргөнчө хиджаб кийген эң эле сонун деп ойлойм. Оронгон кыз ыймандуу болуп, Кудайдан коркот, жаман иштерге барбайт".
"Италиянын министрлер кеңешинин төрагасы Жулиано Амато хиджаб кийүүгө тыюу салуу боюнча мыйзамга кол койбой коюптур. Анын "бардык иконаларда Дева Мариянын башында жоолук турса мен кантип хиджабды кийүүгө тыюу салам?" деп айткан сөзү адамды таң калтырбай койбосо керек".
"Исламда аялдарга жабык кийүүнү буюрган. Кара кийбей эле, денесине чапташтырып синтетика кофта кийгендин ордуна, ак, кененирээк болуп, денесин жапкан кийим кийсе ысыбайт. Динде сөзсүз кара, узун хиджаб кийгиле деп айтылган эмес. Кандай болсо да жабык болушу керек. Бирок, менин оюмча, заманга жараша эле хиджаб да эмес, уяттуу жерлерди жаап, заманбап эле кийиниш керек".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.