КСДП фракциясы 8-ноябрды өткөндөрдү эскерип, тарых күнү деп белгилөө боюнча президенттин жарлыгын колдоду

Бүгүн, 27-октябрда КСДП фракциясы 8-ноябрга карата президенттин жарлыгын карады.

“8-ноябрда жыл сайын өткөндөрдү эскерип, тарых күнүн белгилөө боюнча президенттин жарлыгы чыкты. Бул боюнча Жогорку Кеңеш токтом кабыл алышы керек. 8-ноябрь майрам болушу үчүн ага да мыйзам керек экен. Мындан улам жарлыкты колдоп коёлу”, - деп кайрылды фракция лидери Иса Өмүркулов депутаттарга.

Депутат Айнуру Алтыбаева бул президент тарабынан көтөрүлгөн туура маселе деп билдирди.

“Октябрь революциясынын күнү постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен Кыргыз мамлекетинде жана Беларуста эле белгиленет экен. Өлкө башчысынын жарлыгы өз убагында чыгып жаткандыктан баарыңарды колдоого чакырам”, - деди Алтыбаева.

КСДП фракциясы президенттин жарлыгын колдоду. Фракция лидери эгер мыйзамды башка фракциялар да колдосо, кийинки жумада үч окуудан бир кабыл алынып, быйыл 8-ноябрь дем алыш болорун айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Isco23
2017-10-27 14:41:55
Зачччем кереги бар,не коп дем алыш коп бизде,иштеш кк да эл дагы
+2
Kayratikbest
2017-10-27 15:03:33
Зорго казакстан менен жарашалбай жатканда Атамбаев жон эле кетпеди да.Эми орустар менен конфиликт башталжы.уже госдума кыргыз айдоочулук куболугун запрет кылышы мумкун деп атат.Атамбаевжин жарлыгынан кийин.биз мигранттар каяка барып иштейбиз деги.
+1
rejepova
2017-10-27 15:21:13
Мына кайра орус очошуп жатат. Айдоочу болуп нан тапкан мигранттардын эртени кандай болот? Бул маселелерге чек койчу адам барбы деги???
+1
Дарыгер
2017-10-27 16:15:40
Жеп жутарлар. АША атасы башынарга ХХХХ десе деле фракциясы колдоп коелу деп чыгышат. Карапайым эл зыян тартып жатат. Балп эткендин айынан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан