Дастан Бекешев: "Улуттук айдоочулук күбөлүк менен иштөөгө тыюу салууну сунуштаган депутат Орусиянын картасын карап койсун"

Бүгүн, 27-октябрда КСДП фракциясынын жыйынында депутат Дастан Бекешев Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутатынын айдоочулук күбөлүк боюнча кайрылуусуна жооп кайтаруу керек экендигин айтты.

“Сиздер көрдүңүздөр. Мен да эртең менен окуп калдым. Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Игорь Лебедев биздин Ленин чокусунун аталышынын өзгөрүшүнө карата мыйзамдуу жооп болорун, мындан улам улуттук айдоочулук күбөлүктөр боюнча маселе кайра көтөрүлөрүн айтыптыр. Менин оюмча, биз да жооп кылышыбыз керек. Анткени кыргыз парламенти анын сөзүнө жооп кылбаса бул туура эмес болот. Биз ал депутатка Орусиянын картасын ачып көрүүгө кеңеш беришибиз керек. Кыргыз мамлекети Орусиянын карамагына кирбейт. Биз кайсы бир өлчөмдө парламенттик чечим кабыл алып, бул жерде Орусияга каршы келе турган эч бир жагдай жок экенин түшүндүрүшүбүз зарыл. Менин оюмча, маалымат каражаттары туура эмес маалымат тараткан болуш керек. Кантип эле Орусиянын Мамлекетинин Думасынын бир депутаты бизге өткөндү эскерүүбүзгө чек коёт?” - деди Бекешев.

Белгилей кетсек, КСДП фракциясы Ленин чокусун "Манас-Ата" зоосу деп өзгөртүп, 8-ноябрды майрам кылуу боюнча өлкө башчысынын жарлыгын карап жаткан. Орус депутатынын кайрылуусу да Ленин чокусунун аталышынын "Манас-Ата" зоосу деп өзгөрүшүнө байланыштуу болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан