1993-жылдын 2-сентябрында Өзбекстандын президенти Ислам Каримов "Өзбек алфавитин латын графикасына өткөрүү боюнча" мыйзамга кол койгон. Ага ылайык алфавиттин курамына A a, B b, C c, D d, E e, F f, G g, H h, I i, J j, K k, L l, M m, N n, O o, P p, Q q, R r, S s, T t, U u, V v, X x, Y y, Z z, Ç ç, Ğ ğ, Ɉ ɉ, Ñ ñ, Ö ö, Ş ş, ʼ тамгалары кирген.
Бирок 1995-жылдын май айында жогорудагы алфавитке өзгөртүүлөр кирип Ç ç, Ş ş, Ğ ğ, Ö ö, Ñ ñ, Ɉ ɉ тамгалары Ch ch, Sh sh, Gʻ gʻ, Oʻ oʻ, Ng ng, J j тамгаларына өзгөртүлгөн.
Бул жаңы алфавит кириллицанын жөнөкөй транслитерациясы болгон. Бирок орфографиялык маселелерди чече алган эмес.
Алгач жаңы алфавитке 2000-жылга чейин толук өтүп бүтүү пландалган. Кийин 2005, 2010, 2015-жылдарга жылып, латын арибине толук өтүүгө дагы убакыт керек экени сезилген. Латын арибине билим берүү тармагы жана кээ бир иш кагаздарын жүргүзүү гана өткөн. Ал эми Өзбекстандагы көпчүлүк гезит, журналдар, китептер дале кирилл тамгалары менен басылып чыгат. Ошондой эле телеканалдар менен интернетте кирилл жана латын тамгалары бирдей колдонулганын да көрүүгө болот.
Адистер Өзбекстан 24 жылдан бери латын арибине толук өтө албай жатышына калктын негизги бөлүгүнүн совет учурунда билим алганы менен түшүндүрүшөт. Ошондой эле мамлекеттик, нормативдик-укуктук документтер, иш кагаздары, илимий эмгектер кирилл тамгалары менен жазылып, чыгарылат. Бул дагы латын арибине өтүүдөгү тоскоолдуктардан экенин айтышат.
Айта кетсек, кечээ, 26-октябрда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев казак алфавитин латын тамгаларына өткөрүү боюнча буйрукка кол койгон. Ага ылайык латын арибине өтүү 2025-жылга чейин толук аякташы керек.