SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Үйлөнүү той алдындагы стресс" деген темада автор: "Той белгиленген же белгиленбесе да той жакын, баары ойдогудай. Сүйлөшүп жүргөн, көңүлүңдөгү адамың жаныңда. Ошол мезгилде ойлонуу, стресс, толкундоо, адашкан жокмунбу, ушул менин өмүрлүк жолдошумбу, шашкан жокмунбу, иши кылса ушул сыяктуу ойлор болду беле? Же орустар айтмакчы "той алдындагы стресс". Өзүнчө эле арсар болдуңуздар беле?" - деп суроо салган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Той алдында менде да болгон. Болбосо 5 жылдан ашык сүйлөшүп, тойду чыдамсыздык менен күткөнбүз. Арсар деле болгон эмесмин, болгону тийгим келбей калган. Жадакалса качып кетүүнү пландагам. Тойдон кийин дагы уланган "эмнеге тийдим, тийбей эле жүрсөм болмок" деп көп ыйлачумун. Кичине бир нерсе болсо "жашабайм" деп ыйлай берип 2 айдан ашканда анан көнө баштадым. Бул кээ биринде болот, кээ биринде болбойт, бирок нормалдуу эле көрүнүш".
"Мындай синдромдор кайсы жерде болбосун жөн койбойт го. А мен атам "жүр, чай ичебиз" десе деле эми мени эч ким минтип чакырбайт деп деле ыйлай бергем. Ошентип үч күн ыйлап жата бердим, акыры тойго эки күн калганда "бир аз тойдун атмосферасынан чыгып, ойноп-күлүп алаксып, көйнөгүңдү кийип той күнү кел" деп досторума кошуп кетирип жиберишкен".
"Элдерде тойго чейинки стресс болсо, менде тойдон кийинки стресс болгон".
"Ар бир кызда болсо керек. Мен да "туура эле кылып жатамбы? Жашап кете аламбы же мындан да жакшысы чыгабы?" деп ойлоно берчүмүн. Ойлоно берип арыктап да кеткем. "Кандай болот, эмне болот, кайын журтум кандай" деп кыжаалат болуп жатасың да. Мунун баары өтүп кетет. Эң негизгиси бактылуу болгула".
"Мен тойго чейин арыктап кеткем. Ойлоно берип тамак да өтпөй калган. Туура кылып жатамбы? Ошол адам менен жашап кете аламбы деген ойлор болот. Сүйлөшүп жүрүп баш кошсоң деле ар бир кызда болуучу нерсе".
"Мен урушкум келип, ыйлагым келип, жинди болуп жатам. Мурун турмушка чыксам укмуш келин болом, тигинтем, минтем дечүмүн, азыр жүдөмүш болгонум элестелет, тобо. Атымды катуураак айтса да таарынып, байкушту кыйнап жатам".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.