Азербайжан өлкөсү эгемендүүлүк алгандан кийин алфавитин латын тамгаларына өткөрүп, аны ийгиликтүү ишке ашырган өлкө

Мурдагы СССРдин курамындагы Азербайжан өлкөсү эгемендүүлүк алгандан кийин алфавитин латын тамгаларына өткөрүп, аны ийгиликтүү ишке ашырган өлкө. 1992-жылы башталган латын арибине өткөрүү процесси 2001-жылы толук аяктаган. Тактап айтсак, 2001-жылдын 18-июнундагы президент Гейдар Алиевдин "Мамлекеттик тилди колдонууну өркүндөтүү жөнүндөгү" буйругунун негизинде 1-августтан тарта бардык гезит, журналдар, мамлекеттик жана жеке мекемелер латын тамгасын колдонууга өтүшкөн.

Азербайжанда алфавитти өзгөртүүгө негизги себеп катары дүйнөлүк маалымат мейкиндигине кирүү зарылчылыгын айтышкан.

Ал эми айрым эксперттердин баамында, Азербайжандын латын арибине өтүшүнө Түркиянын саясий басымы себеп болгон.

Айта кетсек, Азербайжан өлкөсү 1922-жылга чейин араб тамгасын колдонуп келсе, кийин латын арибине өткөн. СССРдин курамындагы бардык өлкөлөрдөй эле 1939-жылдан тарта Азербайжан кирилл тамгаларын колдоно баштаган. Эгемендүүлүк алган соң кайрадан латын тамгаларына өтүшкөн. Азыркы колдонулуп жаткан алфавит 32 тамгадан турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jbolotov
2017-10-27 19:29:23
Биз дагы эле тушунбой эркибиз жетбей жаткан маселени Азербайжан мурдаа эле кылган экен, алардын башчысы азамат экен. Бизде дагы эле Москвадан сурамай.Элде геополитика деген тушунук жок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан