БШК президенттик шайлоонун жыйынтыгын 30-октябрда чыгармай болду

Борбордук шайлоо комиссиясы 15-октябрда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын 30-октябрда чыгарат. Бул тууралуу SUPER.KG`ге БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди.

"БШК мыйзам боюнча шайлоодон кийин 20 күн ичинде добуш берүүнүн жыйынтыгын угузушу керек. Биз буга чейин эле жыйынтыкты угузууга даяр болчубуз. Бирок талапкерлердин бири шайлоо учурунда мыйзам бузуулар болгонун айтып БШКга кайрылган эле. БШК анын арызын канааттандырган эмес. Бирок ал БШКнын чечимин сотко бериптир. Кечээ райондор аралык сот бул ишти канааттандыруусуз калтырды. Мыйзам боюнча биз эми үч күндөн кийин шайлоо жыйынтыгын чыгарсак болот. БШК 30-октябрда акыркы жыйынтыкты чыгарууга даяр", - деди Осмоналиев.

Белгилей кетсек, 25-октябрда саат 18:00дө Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун жыйынтыгын чыгара турганын айтып, бирок белгисиз себептерден улам жыйынтык угузуу белгисиз мөөнөткө калтырылган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Uulka9293
2017-10-28 10:30:39
Сооронбай Жээнбеков да жыйынтык!
-1
abusait
2017-10-28 15:04:42
Батыраак чыгарып тиги балп этмейди Бат кетирбесек болбой калды . Дагы Бир немени баштагыча кетириш кереек.
0
Rasul94
2017-10-29 18:22:32
abusait,кийинкиси деле айырмасы жок андан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан