Таластык аксакалдар маалымат жыйын өткөрүшүп, президент Атамбаевге карата абдан орой сөздөрдү айтышты

Кечээ, 26-октябрь күнү Бишкек шаарында Таластан келген аксакалдар маалымат жыйын өткөрүштү. 1 саатка жакын созулган жыйында алар журналисттердин алдында президент Алмазбек Атамбаевди абдан орой сөздөр менен атап, өз таарынычтарын айтышты. Аксакалдар "кыргыздар илгертен сөздүн күчүнө абайлап мамиле кылышып, айтылган сөздү атылган окко теңешкен" дешти.

Алар Атамбаевге 1 аптада Талас элинен кечирим сурашын талап кылышты. Аксакалдардын айтымында, эгерде талабы аткарылбаса, анда алар ар-намысын коргоо үчүн мыйзамдуу чара колдонушмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан