Мындан 20 жыл мурун, 28-октябрда мамлекеттик жана коомдук ишмер Бекмамат Осмонов жүрөгүнө жасалган операциядан кийин 52 жашында дүйнөдөн кайткан. Ал кыска өмүрүндө бир канча жооптуу кызматтарды аркалап, эл үчүн унутулгус эмгектерди калтырган инсан.
Бекмамат Осмонов жылкычынын үй-бүлөсүндө, сегиз эркек бир туугандын ичинен төртүнчүсү болуп 1945-жылы 24-майда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда туулган. Балалыгы жайлоо менен кыштоонун коюнунда өтүп, 1-класска ушул эле райондогу Акман айылынын мектебине барган. 1963-жылы Фрунзе шаарына келип, Айыл чарба академиясына тапшырып, ал жерден зоотехник кесибине ээ болуп чыккан.
Эмгек жолун Ош облусундагы асыл тукум кой заводунда зоотехник болуп иштөөдөн баштап, 26 жашында Чоң Алай совхозунун башчысы болууга жетишкен. Андан ары кызматынан көтөрүлүп отуруп, Алай райондук аткаруу комитети, Ош облустук комитети, Токтогул райондук комитети, Жалал-Абад облустук кеңешинде жетекчилик кызматтарда иштеген. Жогорку Кеңештин 2-чакырылыштагы, анын ичинде "легендарлуу парламенттин" депутаты болгон.
1991-жылы Жалал-Абад облусунун биринчи губернатору болуп шайланган. Дал ушул кызмат орду Осмоновду чоң тандоо жасоого түртөт. Анын күн санап калк ичинде кадыр топтоосу борбордук бийликке жакпай, губернаторду кызматтан алып түшүү үчүн жалаа жабуулар башталат. Ошентип бийликтин кысымы менен бул кызматтан отставкага кетүүгө мажбур болгон.
Көзү өтүп кеткенге чейин Токой башкаруу агенттигинин төрагасынын орун басары болуп турган. Осмоновдун демилгеси менен Жалал-Абад телерадиокомпаниясы негизделген. Анын жетекчилигинин алдында Токтогул Сатылгановдун 125 жылдыгы, Жоомарт Бөкөнбаевдин 80 жылдыгы өткөрүлгөн.
Бекмамат Осмоновдун көзү өткөндөн кийин Жалал-Абад шаарындагы №5-мектепке, ошондой эле өзү туулуп өскөн Базар-Коргон районунун Акман айылындагы мектепке анын аты ыйгарылган. Мындан тышкары өлкөнүн бир канча аймактарында көчөлөргө анын аты берилген.