Кыргыз мигранттарына улуттук айдоочулук күбөлүк менен иштөөгө тыюу салууну сунуштаган орусиялык депутатка жооп берилди

Кыргыз Республикасынын президенттик аппараты Орусиянын Мамлекеттик Думасынын вице-спикери Игорь Лебедевдин билдирүүсү боюнча жооп кылды.

"Мамдуманын депутатынын “Кыргыздын Орусияга каршы көтөрүлүшү күнүн кыргыздар улуттук майрам кылышты” деген бүтүмү ал өзү түшүндүрмө бергиси келген окуялардын контекстин толук түшүнбөгөнүн далилдеп турат.

“Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жөнүндө” Жарлык Кыргыз жергесинде ушул күнгө чейин улуттук майрам катары белгиленип келе жаткан 7-ноябрдын мазмунуна жаңыча маани берүүгө багытталган. Ал эми 1916-жылдагы окуялар биздин өлкөдө Октябрь революциясын позитивдүү кабыл алуунун себепкери катары түшүнүү адилеттүү эле көрүнүш.

1916-жылдын август жана күзгү айларына байланыштуу бардык нерселер бир дагы кыргыз үчүн эч качан майрам болгон эмес жана болбойт. Бул улуттук каргаша, анын курмандыктарын биз дайыма эстейбиз жана таазим этебиз. Депутат Игорь Лебедев мырзанын чагылгандай тез реакциясы ал бул текстти кунт коюп окуганга жетишпесе керек. Эми болсо да окуп чыгууну ага кеңеш беребиз", - деп айтылат президенттик аппараттын жообунда.

Айта кетсек, кечээ, 27-октябрда Орусиянын Мамлекеттик Думасынын вице-спикери Игорь Лебедев Кыргыз жарандарына Орусия аймагында улуттук айдоочулук күбөлүк менен иштөөсүнө тыюу салууну сунуштаганы белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан