Райкан Төлөгөновдун жактоочусу шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылат

"Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Райкан Төлөгөновдун жактоочусу Биринчи Май райондук сотунун өкүмүнө макул эмес. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда экс-депутаттын жактоочусу Сартбай Жайчыбеков билдирди.

"Биз Биринчи Май райондук сотунун чыгарган өкүмүнө макул эмеспиз. Бул иште Төлөгөнов акталышы керек эле. Алар эч кандай күнөөсүн далилдеген фактыны көрсөтө алышкан жок. Ошондуктан соттон чыгарылган өкүмдү алып, Төлөгөнов менен макулдашып андан соң шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылабыз", - деп билдирди Жайчыбеков.

Эске салсак, 27-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Райкан Төлөгөновду 15 жылга эркинен ажыраткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан