Чаткалда 29 миллион сомго курулган мектептин ачылыш аземи өткөрүлүп, марафон уюштурулду

Чаткал районунун Кара-Суу айылында жаңыдан курулган мектептин ачылыш аземи өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы курулган мектептин ачылуу аземи өткөрүлдү. Аземге Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев, райондогу мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл тургундары жана мектеп жамааты катышты.

"Салтанаттын жүрүшүндө марафон өткөрүлдү. Мында мектепке жардам катары 164 100 сом акча жана 25 баш майда жандык чогулду. Чогулган акча каражаты жана майда жандыктар мектеп администрациясына тапшырылды. Алике Айымбетов атындагы мектептин имараты 2012-жылы кыш мезгилинде өрттөнүп кеткен. 2013-жылы мектептин имараты жаңыдан курулуп баштаган. Курулушка 29 миллион сом каражат жумшалды", - деп билдирди мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Uulka9293
2017-10-28 11:39:26
Жакшы жанылык!
0
grace
2017-10-28 13:24:14
Куттуктайбыз, элим аман болсун ылайым!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан