Каталониянын парламенти Испаниядан көз карандысыз болууну жактырды

Каталониянын парламенти көз карандысыздык жөнүндө декларацияны кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, Испаниядан көз карандысыз болуу боюнча добуш берилип, 70 депутат "макул", 10 депутат "каршы" добуш берди. Эки депутаттын добушу жараксыз деп табылды.

Испаниянын премьер-министри Мариано Рахой Каталонияда мыйзамдуулук калыбына келе турганын айтты.

Буга чейин Каталониянын президенти Карлес Пучдемон Испаниянын бийлигинин мөөнөтсүз шайлоо жарыялоо талабын аткаруудан баш тарткан. Ал мындай кадамын Каталониянын Мадридден көз карандысыз болушуна жетиштүү кепилдик ала албаганы менен түшүндүргөн.

Белгилей кетсек, Каталония аймагында 7,5 миллиондон ашуун калк жашайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан