Президент УКМК кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырды

Президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери үчүн жаңы курулуп бүткөн үйлөрдүн ачкычтарын тапшырды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкө башчы конуштуу болгон УКМК кызматкерлерин куттуктап, бул күн алардын үй-бүлөсү үчүн өзгөчө майрам экенине токтолду. Ал акыркы жылдары өлкөдөгү тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылууда УКМК кызматкерлеринин ролу жогору болгонун айтып, аларга ыраазычылык билдирди.

Президент күч структураларынын кызматкерлерине үй куруу салтка айланганын жана мындан ары да уланышы керектигин белгилеп, жаңы бүткөн батирлердин ачкычтарын тапшырды.

Мындан тышкары Атамбаев УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевге жаңы көп кабаттуу үйлөрдүн алдына балдар аянтчасын куруу үчүн бериле турган 300 миң сомдун сертификатын берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Nanei
2017-10-28 15:05:28
Мугалим,врач, кароолчу,ашпозчу,кочо тазалагандарга качан уй берилет???
+10
jooshbala
2017-10-28 15:58:24
Буйрукту аткарып,камалсын дегендерди,кандай жол менен амал таап камагандарга батир берилет,мугалим врачтарыңа берилбейт.
+9
nurbekasr
2017-10-28 16:09:18
Шайлоодо мугалим врач студенттер күч берди эле,эми аларга покям жок.Күч түзүмдөрүнө эле батирлерди берип жатат качан жөнөкөй кызматкерлер алат.Бул президент да жарытбады.
+5
Medina87
2017-10-28 18:03:53
Оххооо, бироолор келечектеги жашоосу учун Страховка эткен бейм)))
+2
tursunbaev78
2017-10-28 20:19:14
Бер АША ошолорго бер,менттерге бер,өтө катуу иштеп кыйратып атышат,чекеден камап атышат жалган жалаа менен,анан ошолорго бербей кимге бересиң
+3
bakulya2015
2017-10-28 21:40:17
Негизи мугалимдергеда бериш керек себеби ушул АША акебиз деле мугалимден билим алган аз болсода. Ооруп калса врачка барат.
+4
kalpak.kg92
2017-10-28 22:22:35
Эй Аша бир кун кашан чыгат сабыр тугонуп баратат...кылган кашаларын ачылып калбасын деп кошомат кылып жатасын эл барын билет ... Теке чыгат Жапаров чыгат ошондо коросун 2018 коросун сокен не болорун..мен козу ачыктык кылганым жок Теке чыгат 2018.01.01
+5
almanbetperm
2017-10-29 00:48:05
Бул жерде да жамандап отсон керек айрым саясатчыларды, анан мактанып да койсон керек шайлоо таптаза отту деп
+5
almanbetperm
2017-10-29 00:50:05
Наша аша вопше каша
+6
Kuyoo_bala
2017-10-29 03:27:15
Дача СУдагы эл журт эмне болду уй жайсыз?
+2
Nazaralikarakulja
2017-10-30 02:29:54
УКМК жакшы иштеп жатат молодец уйунор кут болсуун насип кылсыын!!!шайлоо бутту Эми Мекенчил Садыр агабызды коебергиле э уят андай адамдар керек ак уйго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан