Боинг кырсыгынан 2 уул жана 1 кызын жоготкон Нурлан Темиркановдун үй-бүлөсү бүгүн, 28-октябрда Бишкекте элге аш берип куран окутту.
Учак кырсыгынан Темиркановдун 19 жаштагы Аман Курманбеков, 5 жаштагы Эрзат Темирканов жана 1,5 жаштагы Жылдыз Темирканова аттуу уул-кыздары каза болгон. Үй-бүлөнүн 24 жаштагы 1 уулу менен 7 жаштагы 1 кызы калды.
Элге берилген эскерүү ашында куран окулуп, каза болгондор туурасында тартылган видеоролик көрсөтүлдү. Эскерүү ашына Нурлан Темиркановдун жакын туугандары, каза болгон уулунун курбу-достору катышты.
Айта кетсек, 39 адамдын өмүрүн алган авиакырсык 2017-жылдын 16-январында болгон.