Кызматтан бошотулган Түгөлбай Казаковдун ордуна маданият, маалымат жана туризм министри болуп Эльвира Сариева келиши мүмкүн.
Бул тууралуу SUPER.KG`ге Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков билдирди.
"Түгөлбай Казаковдун кызмат ордуна азыркы президенттик аппараттын башчысынын орун басары Эльвира Сариева келет деген маалымат менде бар", - деди Момбеков.
Белгилей кетсек, бүгүн, 28-октябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы Түгөлбай Казаков маданият, маалымат жана туризм министри кызматынан бошотулгандыгын кабарлаган.