Ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаровго “милициянын генерал-майору” жогорку атайын наамы берилди. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, тиешелүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койду.
Буга чейин президент ИИМдин башчысы Улан Исраиловго “милициянын генерал-майору” наамын, УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевге "генерал-майор" аскердик наамын ыйгарганы белгилүү болгон.