ЖЫЛНААМА, 28-ОКТЯБРЬ: Президентке тиешелүү бардык артыкчылыктардан баш тарткан Ирандын 6-президенти Махмуд Ахмадинежад бүгүн 61 жашка толду (кызыктуу фактылар)

Дүйнө жүзүнө өзүнүн жөнөкөйлүгү менен таанымал болгон азыркы учурда өзүнүн билимин жаштарга үйрөтүп, мугалимдик кесипти аркалап жаткан Иран өлкөсүнүн 6-президенти Махмуд Ахмадинежад 1956-жылы 28-октябрда карапайым устанын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.

1976-жылы Иран өлкөсүндөгү белгилүү Илим жана технология университетин аяктаган. Студент кезинде эле өз көз карашын ачык айткандыгы, максатына жете билгендиги менен курдаштарынан айырмаланып турган. 1980-жылы Ахмадинежад өз каалоосу менен Иран-Ирак согушуна барган. Согуштан келип, аскер кызматынан кеткен соң ал өзүнүн саясий карьерасын баштаган.

2003-жылы Тегеран шаарынын мэри болуп дайындалган. Шаар башчысы болуп турган мезгилде көптөгөн фаст-фуд сатуучу тез тамактануучу жайларды жапкан. Алардын ордун ирандык компаниялар ээлеген. Мамлекеттик ишканаларда иштеген эркек адамдарга жеңи узун көйнөк кийип жүрүүнү буйруп, сакалдарын алууга тыюу салган.

2005-жылдын июнь айында президенттик шайлоодо жеңишке жетип, мамлекет башчысы болот. 2009-жылдын 28-январында Ахмадинежад кайрадан экинчи жолу президенттик шайлоодо өз талапкерлигин көрсөтөрүн билдирген. Ошентип ал экинчи ирет өлкө башчысы болуп шайланган. 2013-жылы мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу президенттик кызматтан кетип мугалимдик кесибин уланткан.

Махмуд Ахмадинежад тууралуу кызыктуу фактылар:

  • Эң алгач президент болуп шайланып өзүнүн иш бөлмөсүнө киргенде жерде салынып турган кымбат баадагы килемдерди мечитке бердирип, алардын ордуна арзан баадагы килемдерди алдырган.
  • Өзүнүн мүлкү жөнүндө декларация толтурган мезгилде анын Пежо үлгүсүндөгү автоунаасы жана Тегерандын эң кедей аймагында атасынан калган үйү гана бар экени белгилүү болгон.
  • Дайыма өзү жашаган аймактагы көчө тазалап иштеген адамдарга таштанды тазалашып, көчө шыпырышып жардам берет.
  • Мейманканага жайгашкан мезгилде ага кичинекей бөлмө берүүсүн суранат, дайыма жука бир төшөк салып жерге жатары белгилүү.
  • Президенттик айлыктан баш тарткан, ал муну байлык акча элге гана таандык болуусу керектиги менен түшүндүргөн.
  • Университеттен алган 250 доллар маянасына күн кечирет.

28-октябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Aijana121197
2017-10-28 16:03:26
Эх кандай гана жөнөкөй адам,. Бизге да ушундай президент качан келер экен.
+17
toma95
2017-10-28 16:33:13
Алла ыраазы болсун.Акыретин ойлогон адам экен.
+11
Suzak12
2017-10-28 17:23:19
toma95,Амин
+4
nuridindosmatov
2017-10-28 21:05:13
Машшаллах
+5
qazwsx456
2017-10-28 23:50:47
АЛЛАХым деген ,акыретти ойлогон чыныгы инсан экен,мындай жонокой болуу ар кимдин да колунан келе бербейт,биздикилер макаланы окуп ,орнок алса кана эми ааа
+4
almanbetperm
2017-10-29 00:41:40
Атангору биздин алмазыбызда ушундай болуп калбайт белен,
+4
almanbetperm
2017-10-29 00:44:48
Аша только ташыйт,анан зынкыйтып уй салат 20га жерге, барар жериниз урматтуу президент Ата Бейиттен 6кв метр жер
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан