Бүгүн, 30-майда Бишкектеги "Сейтек" балдар жана өспүрүмдөр борборунда 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата майрамдык концерт болуп өттү. Иш-чарага катышкан Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов куттуктоо сөзүн сүйлөп, балдарга чың ден соолук, ачык маанай, көңүлдүү эс алууну каалады. “Бишкек мэриясы тарабынан жайкы эс алуу мезгилинде маданий, спорттук иш-чаралар уюштурулууда. Шаардагы театр, музей, бассейндер силерди күтүп алышат. Ата-энелер, чоң ата, чоң энелериңер менен бирге келип эс алсаңар болот. 1-сентябрда жаңы күч менен мектепке келесиңер”,- деди Өмүркулов. Аталган иш-чарага шаардын атайын билим берүү мекемелеринен, ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген, социалдык колдоого муктаж, Ооган согушунун катышуучуларынын үй-бүлөлөрүнөн 650 бала катышты. Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө балдарга окуу куралдары, балмуздак жана таттуу белектер тапшырылды.