Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда өзгөчө кырдаалдар коркунучун алдын алуу максатында машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өзгөчө кырдаалдар учурунда кырсыктан куткаруу жана башка кечиктирилгис чараларды көрүү максатында машыгуу өткөрүлдү.
"Машыгуу учурунда Могол айыл аймагынын Ооган-Талаа айылында алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш планына киргизилген 80 метр аралыгындагы дамбаны жасап жана габиондук торчо орнотушту. Иш-чарага жалпы 325 адам катышты", - деп билдирди басма сөз кызматы.