Сузак районуна караштуу Благавещенко участкасындагы №4-дамбага жакын жерден шагыл алып жаткандар эскертүүгө карабай жатат. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, дамбага жакын жерден шагыл алгандарга эскертүү берилген. Бирок ишкерлер ишмердүүлүгүн токтотпой жатышат.
"Буга чейин шагыл албоо тапшырмасы берилген. Дарыянын туурасы 50-55 метрди түзөт. Бул жерден шагыл алууга мүмкүн эмес. Буга чейин дамбанын 500 метр аралыгы баш аламандык менен казуунун кесепетинен жабыркаган.
Казып алуулар токтобосо жаз-жай айларындагы суу көбөйгөн мезгилде дамба суунун агымын көтөрө албай калуу коркунучу бар. Анда төмөн жакта жайгашкан Сузак айыл өкмөтүнүн элине өтө чоң кооптуу жагдай жаралат. Андыктан тиешелүү мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик эл менен бирге алдын алуу боюнча чечкиндүү чараларды көрүүсү керек", - деп билдирди басма сөз кызматы.