Кылычбек Султанов Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды

Кылычбек Султанов Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 28-октябрда кол койду.

Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Буга чейин Кылычбек Султанов өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи - тышкы иштер министринин кеңешчиси болуп иштеп келген.

Султанов Кылычбек Камчыевич:

1975-жылы 7-декабрда Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Мырзаке айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы. Электрондук эсептөөчү техникалардын өндүрүшү тармагы боюнча билим алган жана финансы жана кредит бөлүмүндө экономист адистигине ээ болгон.

1996-2000-жылдары - Кыргыз Республикасындагы ММКларда эмгектенген;

2002-жылы - “Супер-Инфо” гезитин негиздеген;

2002-2008-жылдары - "Супер-Инфо" гезитинин башкы редактору;

2008-2009-жылдары - ЭлТР телеканалынын башкы директорунун орун басары;

2009-2012-жылдары - "Компьютер-Пресс" жоопкерчилиги чектелген коомунун президенти;

2012-жылы - КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы;

2012-2013-жылдары - КРнын Социалдык өнүгүү министри;

2014-2016-жылдары - Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси;

2016-2017-жылдары - Өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи - Тышкы иштер министринин кеңешчиси;

Сыйлык-наамдары:

2008-жылы - “Улуттук гезит” сыйлыгынын “Жылдын медиа менеджери” наамынын ээси;

2011-жылы - Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан