Президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиеванын Киев жөнүндө жеке баракчасына жазган посту көптөгөн пикирлерди жаратты.
Үч күн ичинде Алиянын жазганын 450 колдонуучу бөлүшүп, 3000ге жакын "жакты" белгиси басылган.
Киев шаарына сүрөт көргөзмөсүн өткөрүү үчүн барган Шагиева шаарды кыдырып, андагы калкты өзгөчө ак көңүл эл деп сыпаттаган.
"Украинанын калкынын ак көңүлдүгү менде өзгөчө сый-урматты жаратты. Бул жерде көчөдө өтүп бара жаткан каалаган адамыңызга барып, көчөнүн аталышын сурагандан тышкары башка темаларда да сүйлөшө аласыз. Мен мындай жагдайдан өзүм да пайдаланып көрдүм, мектеп окуучуларынан тартып улуу курактагы жашоочулардан бери сизди жылуу кабыл алып, сүйлөшүп кетишет. Мындай абалда көчөдө бара жатып деле жан дүйнөңдө жылуулук орноп турганын сезесиң. Бул жерде элдер ачууланбайт, аба ырайы жакшы эмес болуп турса эч ким наалыбайт. Айтор мен 2 жыл жашаган Питерден көп айырмачылыктар бар. Күйөөмдү айдоочулардын токтоолугу, сылыктыгы таң калтырды. Эч бир айдоочунун сигнал басканын көргөн жокмун, бири-бирин жөөлөбөйт, баары бир кылка айдап кете беришет. Кокустан унаалар сүзүшүп кетсе сөгүнбөй эле токтоо айдоочулар чыгып, өз ара сүйлөшүп алышат. Жөө өтмөктөн өзүңдү эркин сезесиң. Бишкектеги айдоочулар жөө өтмөктөн адамдарды өткөргөндө аларга карыз болуп калгандай сезесиң, милдет кылгандай туюлат. Ал эми вареникинин 20дан ашык түрлөрү даярдалат экен, баары даамдуу. Айтор мен бул шаарды, андагы калктын ак көңүлдүгүн айтып бүтө албайм. Бул шаар менен тааныш болгонума бактылуумун", - деп жазат Алия.
Анын бул постуна украиналык интернет колдонуучулар көптөгөн ыраазычылыктарын билдиришкен.
"Алия абдан сонун сүрөттөп бергенсиз. Жылуу сөздөрүңүз үчүн ыраазыбыз. Мен сиздин постуңузду окуп жатып көзүмө жаш алдым", - деген билдирүүлөр басымдуулук кылат.
Буга чейин Алия Шагиева аталган шаарга баруу үчүн Кыргыз-Казак чек арасынан өтө албай бир топ түйшүк тартканын билдирген.