АКШнын Нью-Йорк шаарында ушул жылдын декабрь айында "Apple" компаниясынын негиздөөчүсү Стив Жобстун унаасы аукцион аркылуу сатылат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар маалымдайт.
Маалыматка ылайык, BMW Z8 үлгүсүндөгү унаа аукционго 300 миң доллар баштапкы баа менен коюлган. Аны сатып алган адамга Стив Жобстун наамына жазылган унаанын документтери да берилет.
Стив Жобс бул унааны 2000-жылы сатып алып, 2003-жылы кайра башка ишкерге сатып жиберген. Унаанын кийинки ээси да аны сатып жибергени менен жалпы жүргөн көрсөткүчү 24 миң чакырым аралыкты гана түзөт.
Эске салсак, Стив Жобс 2011-жылдын 5-октябрында 56 жаш курагында уйку безиндеги рактын айынан көз жумган.