Нарын шаарында сүттү кайра иштетүүчү завод ачылат

Нарын облусунда сүттү кайра иштетүүчү завод ачылат. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Айнура Дүйшөк кызы билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов менен жеке ишкерлердин бири жолугушуу өткөрүп, Нарын шаарына сүттү кайра иштетүүчү заводдун курулушу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Заводдун курулушуна жалпы эсепте 90 миллион сом каражат жумшалат.

"Ишкана ачылгандан кийин бир күндө 150 тоннага чейин сүттү иштетүүгө мүмкүн болот. Ошондой эле Нарын облусунун аймактарында сүттү кабыл алуу пункттардын ачылышы пландалууда. Аталган завод 4 айдын аралыгында курулуп, 2018-жылдын февраль айында ишке берилет деп болжолдонууда", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Erlaha
2017-10-29 17:44:42
Кыргызстанда дагы Завод курулат экен да Жакшы!!!
+6
bond
2017-10-29 20:58:03
Казактар откорбой жаткан сутторду дагы кайра иштеткиле
+2
bosmos77777
2017-10-29 22:20:08
Кыргыз мамлекети азыр ботон улуттар менен биргелешип ачылган жогорку окуу жайлар менен эмес! Кайра иштетуучу ишканалар менен ирденет. Ушундай ишканалар, заманбаап муздаткычтары жана аалам байланышы кампалар керек.
+2
Nazaralikarakulja
2017-10-30 02:14:34
Жакшы кабар оркундоп оссун оркундойбер Кыргызстан
0
Nanei
2017-10-30 11:13:14
21кылым тышта. Нарын малдуу аймакта ушу кезге чейин сут завод жок бпле???
-1
Adi97
2017-10-30 11:55:44
Nanei,Tyshta 21-kylym bolgonu menen jogorku jaktagylar sut zavod kurup koidu bele? Jegenden bashkany bilishpeit go.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан