Бишкекте 28-октябрда Жаш дарыгерлер ассоциациясы тарабынан уюштурулган илимий-практикалык конференция болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Конференцияда жаш дарыгерлер, министрликтин жана бейөкмөт сектордун өкүлдөрү медициналык кызматкер адистигиндеги укук коргоо, коопсуздук, мыйзамда жана кадр саясатындагы дарыгерлердин укуктары жөнүндө көйгөйлөрдү талкууга алышты.
Ага катышкан министр Талантбек Батыралиев: "Артыбызда жаштар жок болсо азыркы аракеттердин пайдасы жок. Өз ишин мыкты билген адис болуу үчүн эмне деген күч жумшалат?" - деди.
Медициналык далилдөө боюнча эксперт Бермет Барыктабасова дарыгерлик кесипте тобокелчиликтер көп болорун белгиледи. "Кесибибизде биз эл аралык стандарттарга жооп берүү менен бирге адамдарга жашоо тартуу кылабыз. Ошондуктан бизге көп күч жана билим талап кылынат. Мындан сырткары саламаттыкты сактоо тармагындагы кыйынчылыктарга туруштук берүү да маанилүү", - дейт Барыктабасова.
Жаш дарыгерлер ассоциациясы 2016-жылы Улуттук госпиталдын дарыгерлери тарабынан түзүлгөн. Максаты 20-38 жаштагы медициналык окуу жайлардын студенттери, ординатор жана дарыгерлердин кызыкчылыктарын коргоо. Ассоциациянын төрагасы Элзар Токтоназаров: "Жаштар коррупцияга каршы, биз бардыгында бирдей мүмкүнчүлүктөр болушун, жумуш ордунда коопсуздук укуктары корголушун каалайбыз. Ушул өңдүү талаптар Манифесттин курамына киргизилди. Иштелип бүткөндөн кийин өкмөткө жөнөтөбүз", - деп билдирди.