Жүк ташуучу унаалардын айдоочулары Кытайга кирүү үчүн виза алууда кыйынчылыктар жаралып жатканын бүгүн, 30-октябрда өткөн маалымат жыйынында билдиришти.
Алардын айтымында, виза ортомчулардын катышуусу менен 600 долларга чейин сатылууда.
"Мисалы, бир күндө 100 унаа Кыргыздан Кытайга кириши керек болсо, визанын жоктугунан улам ушул күндөрү бизден 20сы эле кирип жатат. Кытай күнүнө 20 унаага виза ачыларын билдирген, бирок, тилекке каршы, андай эмес", - деди айдоочулардын бири Жолдошбек Абдыкасымов.
Ошондой эле алар Кытайга кирген айдоочулар орточо эсеп менен бир айда 2 жолу рентгенге түшөрүн айтып, анын ден соолукка тийгизген зыянын баса белгилешти.
Айдоочулар бул маселелердин жаралышын Кытайдын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинин алдында бир жыл мурда болгон жардырууга байланыштырып жатышат.