Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаров өлкөдө 1 009 адам 20 миң сомдон пенсия ала турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-октябрда парламенттин комитет жыйынында билдирди.
Анын айтымында, пенсиянын орточо өлчөмү 5 520 сомду түзөт. “Пенсия өлчөмү камсыздандыруу төгүмүнө жараша чегерилет. Ал эми пенсионердин бир айлык жашоосуна керектөөчү каражаттын суммасы 4 304 сом экени белгилүү болду”, - деди ал.
Ошону менен катар Абжапаров мугалимдердин пенсиясына токтолду. “30-40 жыл эмгек тажрыйбасы бар мугалимдер пенсияга чыкканда орто эсеп менен 2500 сом алышат. Бул алардын 2000-жылга чейинки эмгек акысынын аз болгондугуна байланыштуу. Акыркы учурда алардын маянасы көбөйүп жаткандыктан бара-бара мугалимдердин пенсиясынын өлчөмү да жогорулайт”, - дейт.