Ырчы Алмаз Шаадаев алып баруучу Айгүл Курмановага 3000 сом карыз экенин ырастап, бирок аны төлөбөө чечимине келгенин айтты

Жакында эле белгилүү алып баруучу Айгүл Курманова интернеттеги социалдык тармактагы баракчасына ырчы Алмаз Шаадаев 2 жыл мурун койгон концертинде ага көмөктөшкөн командага жана алып баруучуга акы төлөй электигин жазып чыккан.

Бул билдирүү коомчулукка кенен жайылып, ырчы тууралуу айтылган түрдүү сын-пикирлердин аягы азыркыга чейин сууй элек. Мындан улам SUPER.KG порталы Шаадаев менен байланышып, окуянын чоо-жайын тактады.

"2015-жылы тушоо кесүү концертимди бергем. Чынын айтсам эл аз кирип, залдын 60 пайызы гана толгон. Жыйынтыгында алып баруучу, бийчи, жарык койгондордун акчасын төлөй албай, алар менен кийинчерээк эсептешкем. Ал эми концертиме алып баруучу катары Урмат Борченовду 10 миң сомго сүйлөшкөм. Бирок ал "мен өзүм жалгыз эмес, Айгүл Курманова менен чогуу алып барайын. Аны да бир аз ыраазы кылып кой" деген. Чынында Курманованы таптакыр таанычу эмесмин, Урмат сунуштаганы үчүн эле макул болгом. Ошентип концерт башталып, алып баруучулар залга чыгып, Айгүл эже орусча сүйлөп баштаса болобу. Көрсө ал дайыма орус тилинде алып барчу экен. Мен аны билген эмесмин. Ошол жерден маанайым түшүп калган. Концерттин соңунда бардык командага абалымды түшүндүрүп, карыздарымды тойлор менен жабууга сүйлөшкөм. Ал эми Айгүл Курманова ошол жерден кетпей туруп алгандыктан, апамдан 100 доллар алып берип, дагы 3 миң сом калган. Азыр ошол 3 миң сом үчүн ызы-чуу кылып, элге жарыялап салыптыр. Андан көрө менин өзүмө байланышып, ошол сумманы сураса дароо эле бермекмин. Жалпы элге жарыялаганы үчүн эми таптакыр эле бербей коёюн деп чечтим", - дейт ырчы.

Ал эми алып баруучу өзү бул окуя боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (39)
gute
2017-10-30 20:21:03
Ушул денгээлге чейин барбай эле 3000 сом карыз экенинди билгенден кийин илгери эле берип койбойт белен.
+4
Elitta
2017-10-30 20:25:27
Айгул да олуп эле баратыптырда уятта Элге жарыялаганы 3мин учун 30 мин болсода 1жонле Айгул просто уят,..
0
Saidochka
2017-10-30 20:26:45
3000 оуу менин жарым айлыгым го;))
+6
toma95
2017-10-30 20:37:46
Азыр бербесениз олгондон кийин 3000сом карызындын ордуна ыйманынды бер деп сураса эмне кыласыз?Карыз болгондон кийин бериниз да убаданызга турбайт турбайсызбы.Уч мин сом учун ызы-чуу салыптыр дейсиз.Азыр бир тоокко дагы жем керек.
+5
Krai
2017-10-30 21:27:36
Алмаз 3000 сом учун баркыны кетирбе берип сал Ал Айгул деген да ошол акча учун сени уят кылгандыгы туура эмес жон деле айтса болмок
+5
AIZAD
2017-10-30 22:57:55
Эркек созуно туруш керек!!! ХХХХ бер акчаны жарыя кылмактан эмне кылса дагы!! 3жылдан бери берем деп озун айткандан кийин суратпай бер да. Иним деп журсо.... жер караттын..
-2
AIZAD
2017-10-30 22:59:35
Ушундай эркектер ХХХХ!! Башка жигиттердин атын да булгабай!!!
-1
12.12.12
2017-10-30 23:28:17
Бул аялды тааныбайт экем. 3 мин учун адамдын абийрин ачпай эле койсон болмок. Дагы белгилуу алып баруучу имиш. Кудай бироонун абийрин жашырсан, сеникин да жашырам дейт экен го. Алмаз ал акчаны кайрымдуулукка берип сал тиги аялга бербесен.
+1
Gulkin
2017-10-31 00:17:36
Мен да оз оюмду айта кетейин. Алмаз байкенин концертинде жардамдашып жургом аягына чейин анан Алмаз байке эсептешип жатканда да бар элем айгул эже кетпей туруп алганда алмаз байкенин апасы 100$ бергенин оз козум менен коргом. Элдин оозунда элек жок ар ким ар кайсыны айтат. Бул жерде айгул айым туурамес кылган 100$ га раазы болсо болот эле да. Адамдык сапатынын томондугун корсотуп койду. Бул жерден алмаз байке карыз эмес себеби 100$ берип жатпайбы анан да келишим тузулбоптур бул аял менен.
+2
realliver
2017-10-31 12:08:00
Gulkin,келишим тузулбосо да суйлошулгон акчаны бериши керек да. Анда биз да ушул ырчыларды тойго чакырып ырдатып туруп келишим тузулгон эмес деп айткан акчанын жарымын берип койсок боло береби?
+4
Kanzada97
2017-10-31 00:30:31
А эмне карызынды кыстаганда бересинби? Ким эле болбосун жарыя кылат 3000 силер учун оюнчук. Карыз деген моюнуна илингенде суратпай беришин керек . Бербей койууну чечипсин мейли анда бизнесин томондоп кетпесин карызды бербей коюп текеберликтин айынан.
+2
jojotai
2017-10-31 01:03:57
Ар ким мээнетинин акысын сураганга акылуу
+3
Kroxa
2017-10-31 01:21:32
Ухх..тажатты ушул ырчылар,накта эле ХХХХ артистер да..айлан кеткенде кулосун анан..
+1
admin_superstan
2017-10-31 10:42:57
AKCAHAT, Kroxa, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
-1
realliver
2017-10-31 12:05:14
ХХХХ Алмаз. Элге жарыялабай озумо эле айтса бермекмин деп коет. 2 жылдан бери ХХХХ бербейби карыз экенин билип туруп! Алмазга караганда тигил алпаруучу эркек окшойт!
+2
admin_superstan
2017-10-31 14:55:45
realliver, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
-2
TUMANaka
2017-10-31 14:42:27
Ырчы-пырчың менен макага жөнө
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан