SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Үйлөнүү тойдогу кызыктуу окуялар" деген тема талкууга алынган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Тойдо күйөө бала абдан узун бойлуу экен. Бата тойдо кийит кийгизишип, акча кыстырмай башталды. Эки жагындагы жандоочу жеңелеринин бою кыска, жаш да экен. Туугандары, достору акча кыстарган сайын тиги жеңелери акчаны ала албай, бактагы алмага асылгансып күйөө балага асылып акчаны алып турушкан. Жездебиздин бир досу атайын акчаны калпагынын үстүнө коюп койду. Бир жеңеси тыпылдап барып кичинекей табуретка алып келип, ошонун үстүнө чыгып акчаны алган. Карап тургандар аябай күлүшкөн эле. Кызыктын баары тойдо да".
"Той бүтөргө жакын баланын достору сүйлөйт эмеспи, достору сүйлөп каалоо-тилектерин айтып, белегин тапшырышты. Белеги чоң сыналгы болчу, анын кутусуна чоң 3 таш салып коюшуптур. Көрсө белектин акчасын эчак эле беришкен экен. Ал эл көзүнө эле берилген белек болду. Андай белекти биринчи көрүшүм эле".
"Той уланып, кечинде тойканага бардык. Ата-энелер сүйлөп бүткөн соң акча кыстырмай башталып, аны жакындары чогултушат эмеспи. Дал ошол жерине келгенде эже-сиңдилер "мен атамдын акчасын чогултам, сен апама бар" десе, экинчиси көнбөй "жок, сен апама бар, мен атамдын жанында болом" деп айтышып жатып эле урушуп, чачташып кетишти. Элдер "кой" десе да болушпайт, кайра күчөп, илгерки "косяктарынан" бери айтып салышса болобу".
"Тоюбуз аяктайын деп калганда тойканада электр жарыгы өчүп калган. Ачка турган жаным отуруп эле, эч жакты карабай жеп киргем. Мага жарыктын өчкөнү майдай жакты. Кайра эле 5 мүнөттө күйүп калганы жакпай калган".
Кызыктуу окуяларыңыз менен бөлүшкүңүз келсе, бул жакка кириңиз.