"Apple" компаниясынын кызматкери кызы таратып жиберген видео үчүн жумуштан айдалды

"Apple" компаниясынын кызматкери кызынын видеосу үчүн жумуштан айдалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, аталган компаниянын инженери Брук Питерсондун кызы iPhone X үлгүсүндөгү уюлдук аппаратты видеого тартып, телефон сатыкка чыкканга чейин эле коомчулукка таратып салган. Анда жаңы чыккан аппараттын сырткы көрүнүшүн, экранын, календарын жана андагы тиркемелерди ачык көрсөткөн. Видео көп өтпөстөн өчүрүлгөнү менен тез арада популярдуу болуп, аны бир канча интернет колдонуучу көрүүгө жетишкен. Жыйынтыгында Питерсон кызынын жоругу үчүн компаниядан официалдуу кечирим суроого мажбур болгон. Бирок ага карабастан "Apple" компаниясы кызматкери ички тартипти сактабагандыгы үчүн аны жумуштан четтетүүнү туура көргөн.

Ал эми кызы видеону жөн гана өз кызыкчылыгы үчүн тартканын, аны таратууда мыйзам бузуу менен алектенип жатканын билбегендигин айткан.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Isco23
2017-10-30 19:31:06
Молодец кыз го
-2
Bolunbo.kyrgyz
2017-10-30 19:34:30
Хаха
-2
-Sumitra-
2017-10-30 19:53:57
Мына сага тартип!
+7
Bek_abad
2017-10-31 01:38:03
Кызына бербеш керек эледа ал кишини озундо айып бар экен..
+3
Bekboloooot
2017-11-01 00:06:51
Туура кылбаптыр аттиң))

Жакшына жумушунан айдалды!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан