Токтайым Үмөталиеванын арызы боюнча Бишкектин райондор аралык сотунун чечими күчүндө калтырылды

Жогорку Сот бүгүн, 30-октябрда Бишкектин райондор аралык сотунун президенттикке нааразы болгон Токтайым Үмөталиеванын БШКнын 23-октябрындагы чечимин жокко чыгаруу боюнча арызын канааттандыруудан баш тартуу чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу БШКнын бүгүнкү жыйынында белгилүү болду.

Мурун райондор аралык сот Үмөталиеванын жана жоопкердин далилдерин жана материалдарын изилдеген соң БШКнын чечимин мыйзамдуу жана далилдүү экенин көрсөтүп, чечимди жокко чыгаруу арызын канааттандыруудан баш тарткан.

Эске сала кетсек, 21-октябрда Үмөталиева Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 19-октябрындагы чечимин жокко чыгарууну жана Бишкек шаары боюнча 27 кошумча тилкеде: №1060тан №1067ге чейин, №1160тан №1166га чейин, №1260тан №1264кө чейин, №1360тан №1366га чейин добуш берүүнүн жыйынтыгын жараксыз деп табууну өтүнгөн. Бирок Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен арызды канааттандыруудан баш тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан