Парламентте мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө бөлүнгөн каражаттардын пайдаланылышын иликтей турган жумушчу топ түзүлдү

Бүгүн, 30-октябрда парламенттин тийиштүү комитетинде мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө бөлүнгөн каражаттардын өздөштүрүлүшү боюнча иликтей турган жумушчу топ түзүү маселеси каралды.

КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков билдиргендей, 2014-2020-жылдар аралыгында мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө 500 миллион сом бөлүнгөн. Депутаттын айтымында, бөлүнгөн каражаттын 142 миллион сому гана иштетилген.

“2014-2020-жылдар аралыгында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн улуттук программасына ылайык, басылып чыккан китептердин баасы кымбат болууда. Жумушчу топ түзүлүп, бул боюнча каралып чыгышы керек”, - деди.

Жыйынтыгында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн улуттук программасына ылайык жүргүзүлгөн иштерди тармактык комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова жетекчилик кылган жумушчу топ түзүлдү. Жумушчу топтун курамына депутаттар: Рыскелди Момбеков, Тазабек Икрамов, Дүйшөн Төрөкулов, Альфия Самигуллина, Аида Исмаилова кирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
dasbai
2017-10-30 21:47:37
оа кыйратасынар онуктурбой жоготуп жатасынарго акча ошол XXXX чонтогундо еле калат коротулбай керектуу нерсеге жумшалбай анан бир жалган отчот берип койушат
биригеде ишенбеймин
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан