Дональд Трамптын штабынын мурдагы башчысына Орусиянын АКШдагы шайлоого кийлигишкени жөнүндөгү иш боюнча күнөө коюлду

АКШнын президенти Дональд Трамптын шайлоо алдындагы штабынын мурдагы башчысына Орусиянын АКШдагы шайлоого кийлигишкени жөнүндөгү иш боюнча күнөө коюлду. Бул тууралуу америкалык The New York Times басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Пол Манафортко жана анын мурдагы өнөктөшү Рик Гейтске федералдык бийликке багынууга буйрук берилген. Экөө өздөрүнө коюлган күнөөлөр боюнча азырынча эч кандай түшүндүрмө берише элек.

"ABC телеканалы бул Орусиянын 2016-жылы Америкада болгон шайлоого кийлигишүүсү жөнүндөгу ишти иликтөөнүн алкагындагы алгачкы күнөөлөө экенин белгиледи. Маалыматтарга караганда, Манафорт буга чейин орус миллиардери Олег Дерипаска менен чогуу иштешкен", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан