Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында аялдын кийимин кийип көчөдө бара жаткан эркек адамды борбордун тургундары сабап салышты. Бул тууралуу Өзбекстандын басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бул видеону алгач Өзбекстандын социалдык тармагынын колдонуучулары алып чыгышып кийин Өзбек коомчулугунда катуу талкууга түшкөн.
Бул окуяда адам укугу тепселип жатканын белгилегендер бар. Көрүнүштү орто кылымдын түшүнүгү калыптанып калгандыгын көрсөтөрүн жазгандар да, эркек адамды "өрттөп салышпаганына сүйүнүү керек" деп жазгандар да болгон.